# Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жылдын 16-августундагы № XXII-5 "Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жыл ичинде ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен МАИ кызматкерлерине акча ажыратып берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жылдын 16-августундагы № XXII-5 "Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жыл ичинде ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен МАИ кызматкерлерине акча ажыратып берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: XXII-5
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/27518>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2770/edition/446814/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/27518.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жылдын 16-августундагы № XXII-5 "Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жыл ичинде ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен МАИ кызматкерлерине акча ажыратып берүү жөнүндө" токтому (16.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/27518

---

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин (II - шайланган) кезексиз XXII сессиясынын заседаниеси

2011-жылдын 16-августу № XXII-5 Ноокат шаардык кенешинин 2011-жыл ичинде ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен МАИ кызматкерлерине акча ажыратып берүү жөнүндө Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттердеги кошумча кирешелердин жана бюджеттин аткаруу процессинде жүргүзүлгөн чыгымдардан үнөмдөлгөн сумманы пайдалануу тартиби боюнча, Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жьш ичинде ашыкча түшкөн каражатынын өзгөртүүлөрү менен такталган бюджетин бекитүү максатында депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө 1998-жылдын 11-июнундагы №78, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" 2003-жылдын 25-сентябрындагы №215 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жыл ичинде ашыкча түшкөн каражатынын кирешеси жана чыгашасы 155,0 миң сом эсебинде бекитилсин.

2. Ноокат шаардык кенешинин бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2011-жыл ичинде ашыкча түшкөн кирешесинин эсебинен эки МАИ кызматкеринин 2011-жылда калып кеткен эмгек акысы үчүн 155,0 миң сом акча каражаты субсидия статьясына ажыратылып берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин билим берүү саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы

Н. Махбузов
