# 9-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдү төлөөчүлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/275)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 18-октябрындагы № 112 "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 112
- Кабыл алынган күнү: 18.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 апреля 2026 года № 56 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О медицинском страховании граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045292)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.04.2026 [Закон КР от 23 апреля 2026 года № 56 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О медицинском страховании граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045292); 29.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 29 марта 2023 года № 72 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О медицинском страховании граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112567)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/275#diff=48957..52163>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-261/edition/1244811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/275/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө, 9-статья (23.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-9

---

Милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- Кыргыз Республикасынын жарандары;

- уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар, алардын обочолонгон бөлүмдөрү (филиалдары жана өкүлчүлүктөрү);

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган жактар.

Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр Кыргыз Республикасынын иш берүүчүлөрү, кызматкерлери жана жарандары тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган катышта жана өлчөмдөрдө төлөнөт. Жарандардын төмөнкүдөй категориялары үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген катышта жана өлчөмдөрдө, бирок жылына 1,5 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдө төлөнөт:

- калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматынын органдарында расмий катталган жумушсуз жарандар;

- пенсионерлер, анын ичинде аскер пенсионерлери;

- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана социалдык жөлөкпул алуучулар;

- он сегиз жаш куракка толгонго чейинки балдар, кесиптик башталгыч, орто, жогорку билим берүү уюмдарында билим алуучулар - алар жыйырма бир жаш куракка толгонго чейин (сырттан же кечки бөлүмдө окугандарды кошпогондо);

- Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка органдарында кызмат өтөп жаткан адамдар;

- Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары.

Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ынайын күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, чет өлкөлүк жарандар же Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан жана иштеп жаткан адамдар үчүн, ошондой эле жарандыгы жок адамдар, качкындар жана Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдар, кайрылмандар үчүн төгүмдөрдү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруучу же чет өлкөлүк жарандар же Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан жана иштеп жаткан адамдар, жарандыгы жок адамдар, качкындар жана Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдар, кайрылмандар өз алдынча төлөйт. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында камтылбаган адамдар милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин, анын ичинде накталай эмес формада сатып алуу жолу менен милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдү төлөйт. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында ишке ашырылуучу мамлекеттик программалар боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укукту жана камсыздандырылган деген статусту берет. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин наркын эсептөө методикасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-мартындагы № 72, 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-10)
