# 5-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун максаттары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/275)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 18-октябрындагы № 112 "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 112
- Кабыл алынган күнү: 18.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах бюджетного законодательства, здравоохранения и обязательного медицинского страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2024 [Закон КР от 7 августа 2024 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах бюджетного законодательства, здравоохранения и обязательного медицинского страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378); 15.07.2003 [Закон КР от 15 июля 2003 года № 149 «О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О медицинском страховании граждан в Кыргызской Республики»](https://aqlex.ai/kg/doc/1275)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/275#diff=1244817..15827>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-261/edition/1244811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/275/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө, 5-статья (23.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-5

---

Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун максаты Кыргыз Республикасында камсыздандырылган жарандардын медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасынын чектеринде сапаттуу медициналык жана алдын алуу жардамдарын кепилдикке алуу жана камсыздоо болуп саналат. Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун милдеттерине:

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумунда медициналык жана алдын алуу тейлөөлөрүн дары-дармек менен камсыз кылууну каржылоону башкаруу;

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумунда берилген медициналык, алдын алуу тейлөөлөрүн, дары-дармек менен камсыз кылуунун сапатын башкаруу;

- калктын бардык катмарын медициналык милдеттүү камсыздандыруу менен жеткилең камтуу;

- камсыздандырылган жарандар милдеттүү медициналык камсыздандыруу программалары боюнча медициналык, алдын алуу жана башка тейлөөнү алганда алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;

- (абзац КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- медициналык милдеттүү камсыздандырууну киргизүүнү саламаттыкты сактоо секторундагы реформалар менен айкалыштыруу;

- социалдык чөйрөнү реформалоого үзгүлтүксүз мамиле кылууга негизделген мыйзамдык базаны түзүү кирет.

(КР 2003-жылдын 15-июлундагы № 149, 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) (КР 2003-жылдын 15-июлундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-6)
