# 41-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/275)
- Документтеги орду: VI БӨЛҮМ
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 18-октябрындагы № 112 "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 112
- Кабыл алынган күнү: 18.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-261/edition/1244811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/275/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө, 41-статья (23.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-41

---

Ушул Мыйзамдын - 2000-жылдын 9-статьясынын 1-январынан тартып колдонууга киргизиле турган, биринчи, үчүнчү жана алтынчы бөлүктөрүнөн жана 5-статьясынын 2001-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизиле турган экинчи бөлүгүнүн бешинчи жана алтынчы абзацтарынан башкалары жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөндөгүлөр:

- "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" 1992-жылдын 3-июлундагы № 948-XII Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 3-июлундагы № 949-XII токтому;

- "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 26-сентябрындагы № 27-1 Мыйзамынын 1 бөлүмүнүн 5-пункту;

- "Кыргыз Республикасында граждандарды медициналык жактан камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тартиби тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-жыл, № 1, 13-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик-укуктук чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Акаев

1999-жылы 21-сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

---

Мурунку берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-40)
