# 33-статья. Медициналык ыктыярдуу камсыздандырууну уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/275)
- Документтеги орду: V БӨЛҮМ
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 18-октябрындагы № 112 "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 112
- Кабыл алынган күнү: 18.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-261/edition/1244811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/275/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө, 33-статья (23.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-33

---

Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык ыктыярдуу камсыздандырууну медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюмдары жүзөгө ашырат. Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюмдары көз карандысыз, өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект болуп саналат. Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу фонддорунун каражаттары медициналык камсыздандыруу келишимдеринин чектеринде медициналык тейлөөлөрдү жана жарандардын ден соолугун сактоо боюнча башка тейлөөлөрдү каржылоого багытталат. Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруунун пайдаланылбаган каражаттарынын кайтарылышы тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат. Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюму камсыздоочулардын медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу төлөмдөрүнүн түшүшүнө контролдук кылат, тейлөөчүлөр менен келишимдик мамилелердин чектеринде медициналык жана башка тейлөөлөрдүн сапатына контролдук кылат. Медициналык ыктыярдуу камсыздандыруу уюму тейлөөчүнү эркин тандоого укуктуу.

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-34)
