3-статья. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Күчүндө · 23.04.2026 редакциясы · I БӨЛҮМ
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 августа 2024 года № 163
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) медициналык камсыздандыруунун субъекттери - камсыздоочу, медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укуктуу орган, камсыздандыруучу, камсыздандырылган жак, берүүчү;
2) камсыздоочу - медициналык камсыздандыруу боюнча төлөм берген жеке же юридикалык жак;
3) милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу органы - милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу орган;
4) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунун аткаруу органы - милдеттүү медициналык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн каражаттарын топтоону жана аларды милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органына берүүнү жүзөгө ашыруучу орган;
5) милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган, камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу жана аларды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунун аткаруу органына өткөрүп берүү боюнча функциялары жана ыйгарым укуктары бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы;
6) камсыздандыруучу - медициналык камсыздандыруу жагында камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;
7) камсыздандырылуучу - ал үчүн камсыздандыруучуга медициналык камсыздандыруу төлөмү келип түшкөн жак;
8) берүүчү - менчигинин түрүнө карабастан дарылоочу-алдын алуучу, фармацевтикалык мекеме же уюм, же болбосо жеке медициналык практиканы же фармацевтикалык ишти жүргүзгөн, иштин бул түрүн жүргүзүүгө лицензиясы бар жана медициналык, алдын алуучу, реабилитациялык, ден соолукту чыңдоочу, фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу адам;
9) медициналык, алдын алуучу, фармацевтикалык, реабилитациялык, ден соолукту чыңдоочу кызмат көрсөтүүлөр - медициналык жана алдын алуучу жардам, фармацевтикалык камсыздоо;
10) милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы - милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдердин негизинде берүүчүлөр тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык жана алдын алуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн, дары-дармек менен камсыз кылуунун көлөмү жана шарттары;
11) ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу программасы - түзүлгөн келишимдерге ылайык камсыздандыруу уюму тарабынан көрсөтүлүүчү жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасынан тышкары көрсөтүлүүчү медициналык, алдын алуучу жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү жана шарттары;
12) медициналык камсыздандыруу төлөмдөрү - камсыздандыруучуга төлөнүүчү медициналык милдеттүү же ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү;
13) камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифи - камсыздандыруучуга төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмү;
14) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бюджеттик жана финансылык чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга, координациялык жөнгө салууга жана аткаруу функцияларын жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы;
15) Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчигинин түрүнө карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында медициналык-санитардык жардам алууга алардын укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн кепилденген көлөмү, түрлөрү жана шарттары.";
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык) I1 БӨЛҮМ БАЗАЛЫК МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ (Бөлүм КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Берененин тексти 23.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/275/st-3" title="3-статья - Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>