# 15-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмүн чогултууга ыйгарым укугу бар органдын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/275)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 18-октябрындагы № 112 "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 112
- Кабыл алынган күнү: 18.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах бюджетного законодательства, здравоохранения и обязательного медицинского страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/275#diff=1244817..15827>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-261/edition/1244811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/275/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө, 15-статья (23.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-15

---

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укугу бар орган медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча бардык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөчүлөрдөн медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмүнүн түшүшүн контролдойт. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укугу бар орган:

- медициналык милдеттүү камсыздандырууга камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууну жүзөгө ашырууга;

- чогулган төлөмдөрдү медициналык милдеттүү камсыздандырууга өз убагында толук көлөмүндө өткөрүп берүүгө;

- бардык деңгээлдерде медициналык милдеттүү камсыздандырууга келип түшкөн төлөмдөр жөнүндө маалыматтын ачыктыгын жана аныктыгын камсыз кылууга милдеттүү.

Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укугу бар орган медициналык милдеттүү камсыздандыруунун каражаттарын башка максаттарга пайдаланууга укуксуз. (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-16)
