# 13-статья. Камсыздандырылган жактардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/275)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 18-октябрындагы № 112 "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 112
- Кабыл алынган күнү: 18.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 февраля 2026 года № 19 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О медицинском страховании граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230042299)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.02.2026 [Закон КР от 20 февраля 2026 года № 19 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О медицинском страховании граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230042299); 07.08.2024 [Закон КР от 7 августа 2024 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах бюджетного законодательства, здравоохранения и обязательного медицинского страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/275#diff=15827..48957>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-261/edition/1244811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/275/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө, 13-статья (23.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-13

---

Камсыздандырылган жактар:

- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдер түзүлгөн саламаттык сактоо уюмдарында Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча медициналык, фармацевтикалык, алдын алуучу, реабилитациялык жана ден соолукту чыңдоочу кызмат көрсөтүүлөрдү алууга, ошондой эле аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү, сапаты жана шарттары жөнүндө берүүчүдөн жана камсыздандыруучудан анык маалыматты алууга;

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча төлөмдөр жөнүндө камсыздандыруучудан маалымат алууга;

- саламаттык сактоо уюмдарында врачты эркин тандап алууга;

- камсыздандырылган жак көрсөтүлгөн медициналык, алдын алуу жана башка тейлөөлөрдүн сапатына канааттанбаса, камсыздандыруучуга кайрылууга;

- тейлөөчүнүн күнөөсү боюнча ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толтуртууга;

- камсыздоочу тарабынан медициналык милдеттүү камсыздандырууну сот тартибинде талап кылууга;

- өз укуктарын сот аркылуу коргоого укуктуу.

Камсыздандырылган жактар:

- медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасынын алкагында медициналык жардам үчүн кайрылганда медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча медициналык жана алдын алуучу тейлөөнүн укугун ырастоочу документти көрсөтүүгө;

- камсыздандыруу документтеринин сакталышына камкордук көрүүгө жана башка адамдардын медициналык кызматтан пайдаланышы үчүн аны башка адамдарга бербөөгө милдеттүү;

- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 , 2026-жылдын 20-февралындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-14)
