13-статья. Камсыздандырылган жактардын укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 23.04.2026 редакциясы · 3-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 февраля 2026 года № 19
Камсыздандырылган жактар:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдер түзүлгөн саламаттык сактоо уюмдарында Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча медициналык, фармацевтикалык, алдын алуучу, реабилитациялык жана ден соолукту чыңдоочу кызмат көрсөтүүлөрдү алууга, ошондой эле аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү, сапаты жана шарттары жөнүндө берүүчүдөн жана камсыздандыруучудан анык маалыматты алууга;
- медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча төлөмдөр жөнүндө камсыздандыруучудан маалымат алууга;
- саламаттык сактоо уюмдарында врачты эркин тандап алууга;
- камсыздандырылган жак көрсөтүлгөн медициналык, алдын алуу жана башка тейлөөлөрдүн сапатына канааттанбаса, камсыздандыруучуга кайрылууга;
- тейлөөчүнүн күнөөсү боюнча ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толтуртууга;
- камсыздоочу тарабынан медициналык милдеттүү камсыздандырууну сот тартибинде талап кылууга;
- өз укуктарын сот аркылуу коргоого укуктуу.
Камсыздандырылган жактар:
- медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасынын алкагында медициналык жардам үчүн кайрылганда медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча медициналык жана алдын алуучу тейлөөнүн укугун ырастоочу документти көрсөтүүгө;
- камсыздандыруу документтеринин сакталышына камкордук көрүүгө жана башка адамдардын медициналык кызматтан пайдаланышы үчүн аны башка адамдарга бербөөгө милдеттүү;
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 , 2026-жылдын 20-февралындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 20 февраля 2026 года № 19 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О медицинском страховании граждан в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 7 августа 2024 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах бюджетного законодательства, здравоохранения и обязательного медицинского страхования"Редакцияларды салыштыруу
20.02.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…реабилитациялык жана ден соолукту чыңдоочу кызмат көрсөтүүлөрдү кошулду: алууга, ошондой эле аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү, сапаты жана шарттары жөнүндө берүүчүдөн жана камсыздандыруучудан анык маалыматты алууга;
- медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча төлөмдөр … мыйзамдарын сактоого.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 алынып салынды: Мыйзамынын редакциясына кошулду: , 2026-жылдын 20-февралындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/275/st-13" title="13-статья - Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>