# 10-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууга ыйгарым укугу бар орган

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/275)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 18-октябрындагы № 112 "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 112
- Кабыл алынган күнү: 18.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах бюджетного законодательства, здравоохранения и обязательного медицинского страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/275#diff=1244817..15827>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-261/edition/1244811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/275/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө, 10-статья (23.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-10

---

Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жана аларды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунун аткаруу органына берүүнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунун аткаруу органы милдеттүү медициналык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн каражаттарын топтоону жана аларды милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органына берүүнү жүзөгө ашырат. (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 11-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу органдар Милдеттүү медициналык камсыздандырууну милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органы жана анын аймактык башкаруу органдары жүзөгө ашырат. (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-9)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/275/st-12)
