# Ноокат айылдык кеңешинин 2011-жылдын 20-январындагы № XVI-9 "Кызыл-кыя көчөсүндөгү "Чернобыль" балмуздак кафесинин жер аянтын жеке менчикке сатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ноокат айылдык кеңешинин 2011-жылдын 20-январындагы № XVI-9 "Кызыл-кыя көчөсүндөгү "Чернобыль" балмуздак кафесинин жер аянтын жеке менчикке сатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: XVI-9
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/27498>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2750/edition/445918/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/27498.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ноокат айылдык кеңешинин 2011-жылдын 20-январындагы № XVI-9 "Кызыл-кыя көчөсүндөгү "Чернобыль" балмуздак кафесинин жер аянтын жеке менчикке сатуу жөнүндө" токтому (20.01.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/27498

---

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин (II - шайланган) кезектеги XVI сессиясынын заседаниеси

2011-жылдын 20-январы № XVI-9 Кызыл-кыя көчөсүндөгү "Чернобыль" балмуздак кафесинин жер аянтын жеке менчикке сатуу жөнүндө Ноокат шаар башкаруусунун бюджетине кошумча киреше киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 14, 29-статьяларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы №57-токтомунун негизинде Ноокат шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарынын Кызыл-кыя көчөсүндөгү "Чернобыль" балмуздак кафесинин 350,0 м. кв. жер аянты Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын жана Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынын корутундуларына ылайык жеке менчикке сатылсын.

2. Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан жана Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынан корутундуларды алуу жана керектелүүчү юридикалык иш кагаздарын даярдоо Ноокат шаар башкаруусунун администрациясына тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык Кеңешинин өнөр жай, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары

Б. Калдарова
