Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ноокат шаардык кеңешинин «Ноокат шаар башкаруусунун 2006-жылдын 24-апрелиндеги №53-токтомуна өзгөртүү киргизүү жана муниципалдык менчикке алынган жерди сатуу жөнүндө» токтому
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин (II - шайланган) кезектеги XVI сессиясынын заседаниеси
2011-жылдын 20-январы № XVI-7 Ноокат шаар башкаруусунун 2006-жылдын 24-апрелиндеги №53-токтомуна өзгөртүү киргизүү жана муниципалдык менчикке алынган жерди сатуу жөнүндө Ноокат шаар башкаруусунун 2006-жылдын 24-апрелиндеги №53-токтомунун негизинде "Кол өнөрчүлөр" көчөсүн уюштуруу үчүн ажыратылып берилген 500,0 м.кв. жер аянтынын ичинен 20,0 м. кв. жер тилкеси Абдувоитов атындагы орто мектебинин аймагында калып, райондук эмгек, ишке орноштуруу жана миграция бөлүмү тарабынан 196,0 м. кв. жер аянтына курулуш объекттери курулуп пайдаланууга берилген. Ноокат райондук эмгек, ишке орноштуруу жана миграция бөлүмүнүн калган 284,0 м. кв. жер аянтын шаар башкаруусунун муниципалдык менчигине кайтарып алууну жана Ноокат шаар башкаруусунун жогорудагы токтомуна өзгөртүү Киргизии берүүнү сурап жазган 2010-жылдын 28-майындагы №065-катына ылайык, ошондой эле Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин 2010-жылдын 17-декабрындагы №51, 2011-жылдын 18-январындагы №2 жана Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармасынын 2011-жылдын 13-январындагы №01/11, 2011-жылдын 17-январындагы №02/11 корутундуларынын жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 14,29-статьяларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы №5-токтомунун негизинде Ноокат шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар башкаруусунун 2006-жылдын 24-апрелиндеги №53-токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Ноокат шаарынын Ленин атындагы көчөсүнүн четинен "Кол өнөрчүлөр" көчөсүн уюштуруу үчүн ажыратылып берилген 500,0 м.кв. жер аянты кыскартылып, 284,0 м. кв. жер аянты Ноокат шаар башкаруусунун муниципалдык менчигине алынсын, 196,0 м. кв. жер аянты Ноокат райондук эмгек, ишке орноштуруу жана миграция бөлүмүнүн мөөнөтсүз пайдалануусуна бекитилип берилсин.
3. Жогорудагы даректе жайгашкан 284,0 м. кв. жер аянты мыйзам ченемдүү тиешелүү мекемелердин корутундуларына ылайык аукциондук жол менен сатылсын.
4. Ачык аукцион өткөрүү үчүн керектелүүчү юридикалык иш кагаздарын даярдоо жана "Ноокат Таңы" газетасына жарыя берүү Ноокат шаар башкаруусунун администрациясына тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарьшышьш көзөмөлдөө Ноокат шаардык Кеңешинин өнөр жай, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырьшсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары
Б. Калдарова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2011-жылдын 18-январындагы ПЖ №2 "Кыргыз Республикасынын судьяларын дайындоо жөнүндө" жарлыгыУказ · 18.01.2011 · № 2
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон