Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бел айылдык кеңешинин «Бел айылдык округунун аймагындагы токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна бөгөт коюу жөнүндө» токтому
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Бел айылдык кеңешинин IV чакырылышынын XIX сессиясы
2011-жылдын 9-декабры № 19/5 Бел айылдык округунун аймагындагы токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна бөгөт коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Токой» кодексинин талаптарына негиздепүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөпү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигипин 2011-жылдын 25-августундагы № 01-13/223-буйругуна, ушул багытта кабыл алынган Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 17-ноябрындагы №960-б буйругуна жана Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 29-октябрыпдагы №286-б буйругуна ылайык айылдык округдун аймагындагы токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна жол бербөө. жергиликтүү калктып отун продукциясына болгон муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн айылдык округдун аймагында тез жетилүүчү терек жана кара тал дарактарын отургузуу демилгесин колдоо максатында Бел айылдык округунун Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айылдык округдун аймагында тез жетилүүчү тсрек, кара тал кечөттөрүн жол боюна, арык, там арык жээктерине жана плантация тибинде отургузууну уюштуруу боюнча иштелип чыккан Бел айыл округдун тийиштүү иш-чара пландары бекитилсин.
2. Бел айылдык округдун калкынын бир жылдык ишке жарамдуу жана отундук продукцияларга болгон муктаждыктарынын эсеби жана 2012-жылдын жат айларында отургузула турган тез жетплүүчү терек жана кара тал көчөттөрүнүн өлчөмү (саны) гиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Бел айыл округунун башчысы
К. Атахановага, айыл башчыларына жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдук кеңешинин экология, жаратылыш ресурстары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду бекитип берүү жагы, депутаттардын Ноокат райондук кенешинен суралсын.
Бел айылдык кеңешинин төрагасы
М. Минбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66