# Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2011-жылдын 29-декабрындагы № XIX-4 "Кыргыз-Ата айылдык округунун аймагындагы токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна бөгөт коюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2011-жылдын 29-декабрындагы № XIX-4 "Кыргыз-Ата айылдык округунун аймагындагы токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна бөгөт коюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: XIX-4
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/27444>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2696/edition/439225/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/27444.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2011-жылдын 29-декабрындагы № XIX-4 "Кыргыз-Ата айылдык округунун аймагындагы токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна бөгөт коюу жөнүндө" токтому (29.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/27444

---

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңешинин кезексиз XIX сессиясы (IV шайланган)

2011-жылдын 29-декабры № XIX-4 Кыргыз-Ата айылдык округунун аймагындагы токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна бөгөт коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Токой» кодсксинин талаптарына негизденүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба жана малекеттик агкенттигинин 2011-жылдын 25-августундагы № 01-13/ 223-буйругуна, ушул багытта кабыл алынган Ош облусунун мамалекеттик администрациясынын 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 286-6 буйругуна ылайык айылдык округдун аймагындагы токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна жол бербөө, жергиликтүү калктын отун продукциясына болгон муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн айылдык округдун аймагындагы тез жетилүүчү терек жана тал дарактарын отургузуу демилгесин колдоо максатында Кыргыз-Ата айылдык округунун кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз-Ата айылдык округунун аймагында тез жетилүүчү терек, тал көчөттөрүн жол боюна, арык, канал жээктерине, үлүш арык жээктерине отургузуу жана селден жабыр тарткан участкаларды калыбына келтирүү багытында плантация тибинде отургузууну уюштуруу боюнча иштелип чыккан Кыргыз-Ата айылдык округунун тийиштүү иш-чара пландары № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ак-Булак участкасында Зга 343 контурдан сел баскан жерди, Кара-Кой участкасынын Жаз-Токой бөлүмүндө 2га сел баскан жерлерди тазалап терек жана тез жетилүүч\\ кара тал көчөтөрүн отургузуу Депутаттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.

3. Кыргыз-Ата айылдык округунун калкынын бир жылдык ишке жарамдуу жана отундук продукцияларга болгон муктаждыктарын эсеби жана 2012-жылдын жаз айларында отургузула турган тез жетилүүчү терек жана кара тал көчөттөрүнүн саны № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин. Жана аларды Ноокат токой чарбасынан алууга жана отургузууга 126000 сом жергиликтүү бюджеттен каржылансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кыргыз-Ата айылдык округунун башчысы А. Маликовко айыл башчьшарына жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөе жагы округдук Кенешинин экология, жаратылыш ресурстары боюнча туруктуу комиссиясына-тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык кеӊешинин төрагасы

А. Таиров
