# 8-статья. Коммерциялык эмес уюмдардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү

- Документ: [Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/274)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 15-октябрындагы № 111 "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-260/edition/1236970/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/274/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө, 8-статья (02.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-8

---

Коммерциялык эмес уюмдар мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө филиалдарды түзүшү жана өкүлчүлүктөрдү ачышы мүмкүн. Коммерциялык эмес уюмдардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү юридикалык жак болуп саналбайт, аларды түзгөн уюмдардын мүлкүнүн үлүшүн алат жана ал бекиткен жобонун негизинде иштейт. Филиалдын же өкүлчүлүктүн мүлкү өзүнчө баланста жана аларды түзгөн коммерциялык эмес уюмдун балансында эсепке алынат. Филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчиси коммерциялык эмес уюм тарабынан дайындалат жана ошол уюм ыйгарым укук берген органдан алган ишеним кагаздын негизинде аракеттенет. Филиал (өкүлчүлүк) өз ишин аны түзгөн уюмдун атынан жүзөгө ашырат. Филиалдын (өкүлчүлүктүн) иши үчүн жоопкерчиликти аны түзгөн уюм тартат.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-9)
