# 32-статья. Мекемени түзүү жөнүндө чечим

- Документ: [Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/274)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 15-октябрындагы № 111 "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-260/edition/1236970/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/274/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө, 32-статья (02.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-32

---

Мекеме менчик ээсинин (менчик ээлеринин) чечими боюнча түзүлүп, ал төмөнкү маалыматты камтууга тийиш:

- мекеменин аталышын, юридикалык дарегин;

- менчик ээсинин - жеке жактардын фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, дарегин, үйүнүн жана жумушчу телефонун көрсөтүү менен тизмесин, ошондой эле уюштуруучулардын - юридикалык жактардын аталышын, юридикалык дарегин, ордун, мамлекеттик каттоонун датасы менен номерин жана байланыш телефондорун көрсөтүү менен тизмесин;

- менчик ээси (менчик ээлери) мекемеге өткөрүп берүүчү мүлктүн акчалай жана (же) башка түрдөгү жалпы наркын жана аны өткөрүп берүүнүн тартибин;

- мекеменин уставын бекитүү жөнүндө;

- мекеменин Башкармасынын жана мекеменин Байкоо кеңешинин мүчөлөрүнүн аттарын жана даректерин.

Бардык менчик ээлери мекемени түзүү жөнүндө чечимге кол коюуга жана өздөрү койгон колдорду нотариаттан ырастатууга тийиш.

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-33)
