# 29-статья. Фонддун Байкоо кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо, аларды алмаштыруу, чакыртып алуу

- Документ: [Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/274)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 15-октябрындагы № 111 "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 апреля 2016 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О некоммерческих организациях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111330)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/274#diff=1236971..1236972>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-260/edition/1236970/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/274/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө, 29-статья (02.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-29

---

Эгерде устав тарабынан мүчөлөрдүн андан көп саны каралбаса, фонддун Байкоо кеңешинин курамында үч мүчө болууга тийиш. Укукка жөндөмдүү жеке жактар фонддун Байкоо кеңешинин мүчөлөрү болушу мүмкүн. Фонддун Башкармасы каттоо органдарына фонддун Байкоо кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмесин берет. Фонддун Байкоо кеңешинин мүчөлөрүн дайындоонун жана чакыртып алуунун жол-жобосу уставда белгиленүүгө тийиш. Фонддун Байкоо кеңешинин мүчөсү ден соолугу жагынан фонддун Байкоо кеңешинин ишине катышууга мүмкүнчүлүтү болбогон же фонддун кызыкчылыктарына ар кандай түрдө олуттуу зыян келтирген учурда уюштуруучунун (уюштуруучулардын) фонддун Байкоо кеңешинин башка мүчөлөрүнүн талабы боюнча же өз демилгеси боюнча фонддун Байкоо кеңеши тарабынан чакыртылып алынышы мүмкүн. (КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-28)  
Кийинки берене: [291-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-291)
