# 28-статья. Фонддун Байкоо кеңеши

- Документ: [Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/274)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 15-октябрындагы № 111 "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 апреля 2016 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О некоммерческих организациях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111330)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/274#diff=1236971..1236972>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-260/edition/1236970/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/274/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө, 28-статья (02.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-28

---

Фонддун Байкоо кеңеши фонддун ишине, анын башкаруу органдары тарабынан чечимдердин кабыл алынышына жана алардын аткарылышынын камсыз кылынышына, фонддун каражаттарынын пайдаланылышына, фонд тарабынан мыйзамдардын жана уставдын сакталышына көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат. Фонддун Байкоо кеңеши өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат. Фонддун Байкоо кеңешин түзүүнүн жана анын ишинин тартиби аны уюштуруучулар тарабынан бекитилген фонддун уставы менен аныкталат. Фонддун Байкоо кеңеши фонддун ишине ички көзөмөлдү жүзөгө ашырат. Эгерде анын мүчөлөрүнүн жарымы отурумга катышса, фонддун Байкоо кеңешинин отурумунун кворуму болот. Фонддун Байкоо кеңешинин компетенциясына:

- фонддун ишине жана фонддун иши менен саясатынын багыттарын аныктоого көзөмөлдүк кылуу;

- уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү;

- фондду кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алуу;

- фонддун Башкармасынын мүчөлөрүн дайындоо жана чакыртып алуу;

- фонддун Башкармасынын наркы устав тарабынан аныкталгандан жогорку бүтүмдөрдү түзүү, ошондой эле устав тарабынан аныкталган мүлктүн айрым түрлөрү менен бүтүмдөр жөнүндө чечимдерин бекитүү;

- кызыкчылыктардын чыр-чатагы божомолдонгон бүтүмдөрдү бекитүү;

- фонддун Башкармасы тарабынан даярдалган фонддун иши жөнүндө жылдык отчетту бекитүү;

- фоңддун Башкармасынын коммерциялык ишкерчиликке катышуу же аларга катышууну токтотуу жөнүндө чечимдерин бекитүү;

- уставга ылайык башка маселелерди чечүү кирет.

Фонддун Байкоо кеңешинин ушул статьяда саналып өткөн компетенциясынын маселелерин кошуп алганда, фонддун ишинин ар кандай маселелерин чечүү устав тарабынан фондду уюштуруучулардын компетенциясына таандык кылынышы мүмкүн. Эгерде устав тарабынан башкача белгиленбесе, уюштуруучу (бир пикирде болгондо уюштуруучулар) фонддун Байкоо кеңешинин ар кандай чечимине вето коюуга укуктуу. Эгерде аны бекитүү зарылдыгынан келип чыккан бүтүмдү түзүүнү кармап коюунун натыйжасында фондго олуттуу зыян келтирилсе, ушул статьянын төртүнчү бөлүгүнүн алтынчы жана жетинчи абзацтарында саналып өткөн бүтүмдөрдүн фонддун Байкоо кеңеши тарабынан алдын ала бекитилиши талап кылынбайт. (7-бөлүк КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 51 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Фонддун Байкоо кеңеши фонддун бардык документтерин текшерүүгө жана аудитордук текшерүү жүргүзүүгө, фонддун мүлкүнүн бар экендигин жана ишинин ушул Мыйзам менен уставга ылайык келерлигин текшерүүгө укуктуу. Байкоо кеңешинин ар бир мүчөсү фонддун Башкармасынан фонддун иши боюнча маалымат берүүнү талап кылууга укуктуу. Фонддун Байкоо кеңеши фонддун Башкармасынан фонддун иши жөнүндө ар кандай маалыматты, анын ичинде иш жөнүндө отчетту жана баланстык отчетту берүүнү талап кылууга укуктуу. Фонддун Байкоо кеңеши фондго талаштарда жана фонддун Башкармасынын мүчөлөрү менен фонддун бүтүмдөрүндө фонддо өкүл болууга тийиш. Фонддун Байкоо кеңеши ушул Мыйзам жана фонддун уставы тарабынан белгиленген башка укуктарга ээ. (КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-29)
