# 26-статья. Фонддун Башкармасы

- Документ: [Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/274)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 15-октябрындагы № 111 "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-260/edition/1236970/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/274/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө, 26-статья (02.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-26

---

Фонддун башкаруучу жана ага өкүлчүлүк кылуучу Башкармасы болот. Фонддун Башкармасы бир жана андан көп мүчөлөрдөн - укукка жөндөмдүү жеке жактардан турушу мүмкүн. Фондду башкаруунун жүрүшүндө Башкарма фонддун Байкоо кеңешинин мыйзамдуу тескемелерин аткарууга тийиш. Эгерде фонд өндүрүштүк жана чарбалык башка ишти жүзөгө ашырса, жок эле дегенде алты ай өткөн сайын, эгерде фонд мындай ишти жүзөгө ашырбаса, жыл сайын Байкоо кеңешинин кароосуна фонддун уставдык жана каржылык иши боюнча жазуу түрүндө отчет берип турууга тийиш. Фонддун Башкармасы алардын талабы боюнча фонддун Байкоо кеңешинин мүчөлөрүнө, уюштуруучуларына фондду башкаруу боюнча ар кандай маалыматтарды берүүгө жана, эгерде устав тарабынан башкача каралбаса, анын иши жөнүндө отчетту берүүгө тийиш. Фонддун Башкармасы фонддун материалдык жана каржылык абалына ар кандай коркунуч жөнүндө же мындай коркунучту түзүшү мүмкүн болгон башка жагдайлар тууралу фонддун Байкоо кеңешине токтоосуз кабарлап турууга тийиш. Фонддун Башкармасынын ыйгарым укуктары фонддун уставында аныкталууга тийиш. Эгерде отурумда мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса, фонддун Башкармасынын кворуму болот.

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-27)
