# 24-статья. Фондду нотариаттан ырасталган керээздин негизинде түзүү

- Документ: [Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/274)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 15-октябрындагы № 111 "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-260/edition/1236970/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/274/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө, 24-статья (02.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-24

---

Фонд аны түзүү жөнүндө чечимди жана ушул Мыйзамдын 9-статьясынын жоболоруна ылайык башка документтерди камтууга тийиш болгон нотариаттан ырасталган керээздин негизинде түзүлүшү мүмкүн. Эгерде керээз фондду каттоо үчүн документтерди даярдоого жана ал документтерди каттоо үчүн ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга берүүгө тийиш болгон атайын аткаруучуну аныктабаса, керээз катталган нотариаттык контора керээзди аткаруу боюнча укуктарга жана милдеттерге ээ болгон аткаруучуну дайындоого тийиш. Эгерде керээздеги фондду түзүү жөнүндө чечим ушул Мыйзамдын 25- статьясынын талаптарына ылайык келбесе, керээз боюнча аткаруучу, эгерде зарыл болсо, фонддун Башкармасы менен Байкоо кеңешинин мүчөлөрүн дайындашы жана фондду түзүү боюнча керээзде аныкталбаган башка шарттарды аныкташы мүмкүн. Башкарманын жана Байкоо кеңешинин мүчөлөрүн дайындаганга чейин керээзди аткаруучу фондду түзүү жөнүндө чечимден келип чыгуучу укуктарга жана фонддун уставына ылайык фондго берилген мүлктү башкаруу укугуна ээ болот. Керээзди аткаруучу керээздин тапшырмасын жүзөгө ашырууга байланыштуу келип чыккан зарыл чыгымдарды, эгерде керээз тарабынан башкача белгиленбесе, иш жүзүндө жасалган негиздүү чыгымдардын суммасынын өлчөмүндө компенсациялоону талап кылууга укуктуу. Керээзди аткаруучунун ыйгарым укуктары фонд катталгандан же эгерде фондду каттоого мүмкүн болбогондон кийин токтотулат.

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-25)
