# 20-статья. Коомдук бирикменин жалпы чогулушу

- Документ: [Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/274)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 15-октябрындагы № 111 "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 апреля 2016 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О некоммерческих организациях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111330)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/274#diff=1236971..1236972>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-260/edition/1236970/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/274/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө, 20-статья (02.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-20

---

Коомдук бирикменин жогорку органы анын бардык мүчөлөрүнөн турган жалпы чогулуш болуп саналат. Эгерде чечимди кабыл алууда анын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмеси катышса, жалпы чогулуштун кворуму болот. Төмөнкү маселелер жалпы чогулуштун гана компетенциясын түзөт:

- уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү;

- коомдук бирикменин ишинин артыкчылык берилген багытын аныктоо, анын мүлкүн пайдалануунун тартиби;

- коомдук бирикмеге мүчөлүккө кабыл алуу жана андан чыгаруу (эгерде уставда башкача каралбаса);

- башкаруу органдарын түзүүнүн тартиби;

- иш жөнүндө жылдык отчетту жана жылдык балансты бекитүү;

- филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү жөнүндө чечим;

- ишке башка юридикалык жактардын катышуусу;

- кайра уюштуруу жана жоюу;

- устав тарабынан коомдук бирикменин башка органдарынын компетенциясына таандык кылынган башка маселелер.

Коомдук бирикме жалпы чогулуштун отурумдарын өткөрүү жолу менен жана мүчөлөрдү жазуу түрүндө сурап билүү жолу менен чечим кабыл алышы мүмкүн. Жалпы чогулуштун отурумун жана жазуу түрүндө сурап билүүнү өткөрүүнүн тартиби устав тарабынан аныкталат. (КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-21)
