# 2-статья. Негизги түшүнүктөр

- Документ: [Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/274)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 15-октябрындагы № 111 "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 апреля 2024 года № 72 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О некоммерческих организациях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004269)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/274#diff=1236974..6030>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-260/edition/1236970/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/274/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө, 2-статья (02.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-2

---

Коммерциялык эмес уюм - кызыкчылыктардын жалпылыгынын негизинде руханий же башка материалдык эмес керектөөлөрдү өз мүчөлөрүнүн жана (же) бүткүл коомдун кызыкчылыгында жеке жана (же) юридикалык жактар тарабынан түзүлгөн, алар үчүн пайда табуу иштин негизги максаты болуп саналбаган, ал эми табылган пайда мүчөлөрдүн, уюштуруучулардын жана кызмат адамдарынын ортосунда бөлүштүрүлбөгөн ыктыярдуу өз алдынча башкарылуучу уюм. Юридикалык жактардын каттоо ордуна жана жеке жактардын жашаган ордуна же жарандыгына карабастан юридикалык жана аракетке жөндөмдүү жеке жактар коммерциялык эмес уюмдардын уюштуруучулары болушу мүмкүн. Юридикалык жактардын каттоо ордуна жана жеке жактардын жашаган ордуна же жарандыгына карабастан юридикалык жана жеке жактар коммерциялык эмес уюмдардын мүчөлөрү болушу мүмкүн. Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм - өз ишинин негизги максаты катары пайда табууну көздөбөгөн жана алынган пайданы катышуучулардын ортосунда бөлүштүрбөгөн, чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жерде түзүлгөн, уюштуруучулары (катышуучулары) мамлекеттик органдар болуп саналбаган уюм. Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм өз ишин Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү - филиалдары жана өкүлчүлүктөрү аркылуу жүзөгө ашырат. Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрү - мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон жана тиешелүү түзүмдүк бөлүм жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте эл аралык уюмдардын жана чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн реестрине киргизилген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын аймагында укук жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү. Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюм - чет мамлекеттерден, алардын мамлекеттик органдарынан, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан, чет өлкөлүк жарандардан, жарандыгы жок адамдардан же болбосо көрсөтүлгөн булактардан (мамлекеттин катышуусу бар ачык акционердик коомдорду жана алардын туунду коомдорун кошпогондо) (мындан ары - чет өлкөлүк булактар) акча каражаттарын жана башка мүлктөрдү алуучу, алар ыйгарым укук берген жактардан акча каражаттарын жана башка мүлктү алуучу жана анын ичинде чет өлкөлүк булактардын кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу саясий иштерге катышкан, Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм. Коммерциялык эмес уюм, эгерде анын уюштуруу документтеринде көрсөтүлгөн максаттарга жана милдеттерге карабастан, ал мамлекеттик органдар жүргүзүп жаткан алардын мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө багытталган чечимдерди кабыл алуусуна таасир этүү максатында саясий акцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө (анын ичинде каржылоо жолу менен) катышса, ал Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылып жаткан саясий ишке, ошондой эле көрсөтүлгөн максаттарда коомдук пикирди түзүүгө катышып жатат деп таанылат. Саясий иш - мамлекеттик түзүлүш, Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин коргоо, эгемендүүлүктү коргоо жана аймактык бүтүндүктү, мыйзамдуулукту, укук тартибин, мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту, коргонууну, тышкы саясатты, социалдык-экономикалык жана улуттук өнүгүүнү камсыз кылуу чөйрөсүндөгү иш. Саясий иштин формалары:

- чогулуштар, митингдер, демонстрациялар, жүрүштөр же пикеттер түрүндөгү коомдук иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө же болбосо ушул формалардын ар кандай айкалышында ачык-айкын дебаттарды, дискуссияларды, сөз сүйлөөнү уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу;

- шайлоодо, референдумдарда белгилүү бир натыйжа алууга багытталган ишке, шайлоону, референдумдарды өткөрүүгө байкоо жүргүзүүгө, шайлоо комиссияларын, референдум өткөрүү боюнча комиссияларды түзүүгө, саясий партиялардын ишине катышуу;

- мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына ачык кайрылуулар, ошондой эле бул органдардын ишине, анын ичинде мыйзамдарды же башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга, өзгөртүүгө, жокко чыгарууга таасир этүүчү башка аракеттер;

- мамлекеттик органдар кабыл алып жаткан чечимдер жана жүргүзүп жаткан саясат жөнүндө пикирлерди таратуу, анын ичинде заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен таратуу;

- коомдук-саясий көз караштарды жана ынанымдарды калыптандыруу, анын ичинде коомдук пикирди сурамжылоону жүргүзүү жана алардын натыйжаларын жарыялоо же башка социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү аркылуу калыптандыруу;

- көрсөтүлгөн ишке жарандарды, анын ичинде жашы жете электерди тартуу.

Саясий ишке илим, маданият, искусство, саламаттык сактоо, жарандардын ден соолугун коргоо, жарандарды социалдык колдоо жана коргоо, майыптарды социалдык колдоо, энени жана баланы коргоо, сергек жашоо ыңгайын, дене тарбиясын жана спортту пропагандалоо, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жаатындагы иштер, ошондой эле кайрымдуулук иши кирбейт. Коммерциялык эмес иш - өз алдынча юридикалык жакты түзүү менен же түзбөстөн жана пайда табууну негизги максат кылып койбогон юридикалык жана (же) жеке жактар тарабынан жеке же биргелешип жүзөгө ашырылуучу иш. Юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзүлүүчү коммерциялык эмес иштин ар бир катышуучусу үчүнчү жактарга зыян келтирген учурда анын ордун толтуруу боюнча мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат. Коомдук бирикме - руханий жана башка материалдык эмес керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде бириккен жарандардын ыктыярдуу бирикмеси. Фонд - ыктыярдуу мүлктүк салымдардын негизинде жана социалдык, кайрымдуулук, маданий, билим берүү же башка коомдук пайдалуу максаттарды көздөгөн жеке жана (же) юридикалык жактар тарабынан уюштурулган мүчөлүгү жок уюм. Мекеме - башкаруучулук, социалдык-маданий же коммерциялык эмес мүнөздөгү башка милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн менчик ээси тарабынан түзүлгөн жана толугу менен же жарым-жартылай ошол менчик ээси тарабынан каржылануучу уюм. Коммерциялык эмес уюмдун мүлкү - коммерциялык эмес уюмдун ар кандай мүлкү, анын мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктары ишкердүүлүктөн жана башка иштен алган кирешеси, ошондой эле анын иши жөнүндө коммерциялык маалымат. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 72 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-3)
