Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
171-статья. Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдун айкындыгы
Күчүндө · 02.04.2024 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 апреля 2024 года № 72
1. Ыйгарым укуктуу орган Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын реестрин (мындан ары - Реестр) жүргүзөт.
Реестрде коммерциялык эмес уюмдун аталышы, уюштуруучулары жана жетекчиси жөнүндө маалыматтар камтылат.
2. Реестрди жүргүзүүнүн тартиби, анын ичинде анда камтылган маалыматтарга карата талаптар ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
3. Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдун жетекчиси аны Реестрге киргизүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга арыз берүүгө милдеттүү.
4. Реестрде камтылган маалыматтар ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылат.
5. Реестрге киргизилген чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдар тарабынан, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жана (же) Интернет тармагын пайдалануу менен өндүрүлүүчү жана (же) таратылуучу материалдар бул материалдар (маалымат) чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюм тарабынан өндүрүлгөнүн, таратылгандыгын жана (же) жөнөтүлгөндүгүн көрсөтүү менен коштолууга тийиш.
6. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса, чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюм жыл сайын ыйгарым укуктуу органга көз карандысыз аудитордун аудитордук корутундусун берет.
7. Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюм ушул статьянын 3, 5 жана 6-бөлүктөрүн бузган учурда, ыйгарым укуктуу орган жол берилген бузууларды жана аларды жоюунун бир айдан ашык эмести түзгөн мөөнөтүн көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтөт.
8. Эгерде ушул статьянын 7-бөлүгүндө каралган тартипте билдирүүнү алган коммерциялык эмес уюм билдирүүдө көрсөтүлгөн бузууларды четтетпесе, ыйгарым укуктуу орган өзүнүн чечими менен анын ишин алты айдан ашпаган мөөнөткө токтотуп турат.
Мындай коммерциялык эмес уюмдун ишин токтотуп туруу жөнүндө чечим "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн. Ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанууну берүү даттанылып жаткан чечимди аткарууну токтотпойт. Чарбалык иштер, эмгек келишимдери, анын иш-аракетинен келтирилген зыяндын ордун толтуруу, салыктарды, жыйымдарды жана айып пулдарды төлөө боюнча эсептешүүлөрдү кошпогондо, коммерциялык эмес уюмдун иши токтотулуп турган учурда ага банктык аманаттарды пайдаланууга тыюу салынат.
9. Эгерде ишти токтотуп туруунун белгиленген мөөнөтүнүн ичинде коммерциялык эмес уюм билдирүүдө көрсөтүлгөн бузууларды жойбосо, ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-статьясына ылайык юридикалык жакты жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылат.
10. Эгерде коммерциялык эмес уюмдун ишин токтотуп туруунун белгиленген мөөнөтүнүн ичинде ал билдирүүдө көрсөтүлгөн бузууларды жойсо, коммерциялык эмес уюм өз ишин кайрадан улантат.
11. Мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган коммерциялык эмес уюмдун иши анын уюштуруу документтеринде каралган максаттарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишине контролду жүргүзөт. Бул максатта ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
- коммерциялык эмес уюмдун башкаруу органдарынан алардын тескөө документтерин суратууга;
- мамлекеттик статистика органдарынан, салык органдарынан жана башка мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органдарынан, ошондой эле кредиттик жана башка финансылык уюмдардан коммерциялык эмес уюмдардын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты суратууга жана алууга;
- коммерциялык эмес уюм өткөрүүчү иш-чараларга катышуу үчүн өз өкүлдөрүн жөнөтүүгө;
- ыйгарым укуктуу орган белгилеген тартипте коммерциялык эмес уюмдун ишинин, анын ичинде акча каражаттарын чыгымдоо жана башка мүлктү пайдалануу боюнча ишинин анын уюштуруу документтеринде каралган максаттарга шайкештигине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 72 Мыйзамынын редакциясына ылайык) II Глава Коомдук бирикмелер
Берененин тексти 02.04.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
- Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 210
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/274/st-171" title="171-статья - Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>