# 17-статья. Коммерциялык эмес уюмдун ачыктыгы

- Документ: [Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/274)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 15-октябрындагы № 111 "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 июня 2021 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О некоммерческих организациях", "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112273)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/274#diff=1236972..1236973>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-260/edition/1236970/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/274/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө, 17-статья (02.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-17

---

1. Коммерциялык эмес уюмга келип түшүүлөрдүн түзүмү жөнүндө жана уюмдун мүлкүнүн өлчөмү жана курамы тууралуу маалыматтар мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.

2. Коммерциялык эмес уюмдун кирешелеринин өлчөмү жана түзүмү, ошондой эле мүлкүнүн өлчөмү жана курамы, анын чыгымдары жөнүндө маалыматтар коммерциялык сырдын предмети боло албайт.

3. Кайтарымсыз негизде берилген акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен ишин жүргүзгөн коммерциялык эмес уюм (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди кошпогондо) акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө жыйынды маалыматтарды, ошондой эле сатып алынган, колдонулуучу жана ажыратылуучу мүлктөр жөнүндө өткөн жыл үчүн маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына жыл сайын 1-апрелге чейин жайгаштырат.

Маалыматтын формасы жана жайгаштыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-16)  
Кийинки берене: [171-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-171)
