# 14-статья. Кызыкчылыктардын чыр-чатагын чечүү

- Документ: [Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/274)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 15-октябрындагы № 111 "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-260/edition/1236970/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/274/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө, 14-статья (02.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-14

---

Кызыкчылыктардын чыр-чатагы божомолдонгон бүтүм коммерциялык эмес уюмдун ыйгарым укук берилген органы тарабынан бекитилүүгө тийиш. Кызыккан жак уюмдун ыйгарым укук берилген органына мындай бүтүмдү түзүү жөнүндө ал түзүлгөнгө чейин маалымдоого тийиш. Эгерде бүтүм ыйгарым укук берилген орган тарабынан бекитилбесе, кызыккан жак кызыкчылыктардын чыр-чатагы бар туруп түзүлгөн бүтүмдүн натыйжасында коммерциялык эмес уюм тарткан бардык зыяндардын ордун толтуруу боюнча жоопкерчилик тартууга тийиш. Зыяндардын ордун толтурууга кошумча мындай кызыккан жак коммерциялык эмес уюмга мындай бүтүмдү түзүүнүн натыйжасында ал жак тарабынан алынган бүткүл кирешени коммерциялык эмес уюмга кайтарып берүүгө да тийиш. Эгерде зыяндар бир нече кызыккан жактардын аракеттеринин натыйжасында пайда болсо, алар коммерциялык эмес уюмдун алдында тилектештик жоопкерчилигин тартууга тийиш.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-15)
