# 13-статья. Кызыкчылыктардын чыр-чатагы

- Документ: [Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/274)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 15-октябрындагы № 111 "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-260/edition/1236970/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/274/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө, 13-статья (02.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-13

---

Коммерциялык эмес уюмдун жана кызыккан жактардын ортосундагы уюмдун мүлкүн тескөө менен байланышкан бүтүмдөрү кызыкчылыктардын чыр-чатагынын болушун божомолдойт. Коммерциялык эмес уюмдун кызмат адамдары, жетекчи органдарынын мүчөлөрү, ошондой эле уюм менен өз мамилелеринин күчүнөн улам уюм тарабынан өз мүлктөрүн тескөөгө таасир көрсөтө алышы мүмкүн болгон, өз уюму менен жеке же өкүлү аркылуу бүтүмдөрдү түзүүчү тараптар кызыккан жактар болуп саналат. Эгерде коммерциялык эмес уюм кызыккан адамдардын туугандары, ошондой эле алардын кредиторлору менен бүтүмдөрдү түзсө, кызыкчылыктардын чыр-чатагы божомолдонулат.

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-14)
