# 12-статья. Коммерциялык эмес уюмдун иши

- Документ: [Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/274)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 15-октябрындагы № 111 "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-260/edition/1236970/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/274/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө, 12-статья (02.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-12

---

Коммерциялык эмес уюм мыйзам тарабынан тыюу салынбаган, уюмдун уставында аныкталган максаттарга жана милдеттерге, программалык документтерге жана башка актыларга каршы келбеген иштин ар кандай түрлөрүн иштөөгө укуктуу. Коммерциялык эмес уюм өндүрүштүк ишти чарбалык, анын ичинде табылган пайданы уюштуруучулардын, мүчөлөрдүн, кызмат адамдарынын, жана башкаруу органдарынын башка кызматкерлеринин мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрбөстөн иштөөгө укуктуу. Мындай иш, эгерде алар уюмдун максаттарына жана милдеттерине каршы келбесе, товарларды өндүрүү жана сатып өткөрүү, сыйлык акы алуу менен жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү жана ишкерчилик иштин башка түрлөрүн камтышы мүмкүн. Коммерциялык эмес уюмдардын ишинин айрым түрлөрүн чектөө мыйзам тарабынан гана белгилениши мүмкүн. Мыйзам тарабынан белгиленген учурларда иштин айрым түрлөрү лицензия же атайын уруксат болгондо жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-13)
