12-статья. Коммерциялык эмес уюмдун иши
Күчүндө · 02.04.2024 редакциясы
Коммерциялык эмес уюм мыйзам тарабынан тыюу салынбаган, уюмдун уставында аныкталган максаттарга жана милдеттерге, программалык документтерге жана башка актыларга каршы келбеген иштин ар кандай түрлөрүн иштөөгө укуктуу. Коммерциялык эмес уюм өндүрүштүк ишти чарбалык, анын ичинде табылган пайданы уюштуруучулардын, мүчөлөрдүн, кызмат адамдарынын, жана башкаруу органдарынын башка кызматкерлеринин мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрбөстөн иштөөгө укуктуу. Мындай иш, эгерде алар уюмдун максаттарына жана милдеттерине каршы келбесе, товарларды өндүрүү жана сатып өткөрүү, сыйлык акы алуу менен жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү жана ишкерчилик иштин башка түрлөрүн камтышы мүмкүн. Коммерциялык эмес уюмдардын ишинин айрым түрлөрүн чектөө мыйзам тарабынан гана белгилениши мүмкүн. Мыйзам тарабынан белгиленген учурларда иштин айрым түрлөрү лицензия же атайын уруксат болгондо жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 02.04.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/274/st-12" title="12-статья - Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>