# 10-статья. Коммерциялык эмес уюмдун уставы

- Документ: [Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/274)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 15-октябрындагы № 111 "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-260/edition/1236970/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/274/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө, 10-статья (02.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-10

---

Коммерциялык эмес уюмдун уставынын талаптары уюмдун өзү, анын уюштуруучулары, мүчөлөрү (коомдук бирикмелер үчүн), кызмат адамдары жана жетекчи органдары үчүн аткарылууга милдеттүү. Коммерциялык эмес уюмдун уставында:

- уюмдун аталышы жана кыскартылган аталышы, юридикалык дареги;

- ишинин жүйөсү жана максаты, ишин башкаруунун тартиби;

- башкаруу жана көзөмөлдөө органдары, текшерүү органдары, алардын компетенциясы, шайлоонун, чакыртып алуунун тартиби, ошондой эле кызмат адамдарынын жоопкерчилиги;

- укуктары жана милдеттери, уюмга мүчөлүккө кабыл алуунун жана андан чыгуунун (коомдук бирикме үчүн) тартиби;

- уюмдун уюштуруу документерине өзгөртүүлөр киргизүүнүн тартиби, кайра уюштуруунун жана жоюунун тартиби;

- алар жоюлган учурда мүлкүн бөлүштүрүүнүн тартиби;

- фонддор менен мекемелер үчүн - уюмдан жардам алуучу адамдардын чөйрөсү чектелбеген учурларды албаганда, уюмдан жардам алуучу адамдардын чөйрөсү;

- эгерде мындай каралса, уюмдун ишинин мөөнөтү аныкталууга тийиш.

Устав ушул Мыйзамга каршы келбеген башка жоболорду да камтышы мүмкүн. Эгерде уставдын жобосу ушул Мыйзамдын жоболоруна каршы келсе, анда Мыйзамдын жоболору колдонулат. Уюмдун уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор анын жогорку башкаруу органынын чечими боюнча киргизилет.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/274/st-11)
