10-статья. Коммерциялык эмес уюмдун уставы
Күчүндө · 02.04.2024 редакциясы
Коммерциялык эмес уюмдун уставынын талаптары уюмдун өзү, анын уюштуруучулары, мүчөлөрү (коомдук бирикмелер үчүн), кызмат адамдары жана жетекчи органдары үчүн аткарылууга милдеттүү. Коммерциялык эмес уюмдун уставында:
- уюмдун аталышы жана кыскартылган аталышы, юридикалык дареги;
- ишинин жүйөсү жана максаты, ишин башкаруунун тартиби;
- башкаруу жана көзөмөлдөө органдары, текшерүү органдары, алардын компетенциясы, шайлоонун, чакыртып алуунун тартиби, ошондой эле кызмат адамдарынын жоопкерчилиги;
- укуктары жана милдеттери, уюмга мүчөлүккө кабыл алуунун жана андан чыгуунун (коомдук бирикме үчүн) тартиби;
- уюмдун уюштуруу документерине өзгөртүүлөр киргизүүнүн тартиби, кайра уюштуруунун жана жоюунун тартиби;
- алар жоюлган учурда мүлкүн бөлүштүрүүнүн тартиби;
- фонддор менен мекемелер үчүн - уюмдан жардам алуучу адамдардын чөйрөсү чектелбеген учурларды албаганда, уюмдан жардам алуучу адамдардын чөйрөсү;
- эгерде мындай каралса, уюмдун ишинин мөөнөтү аныкталууга тийиш.
Устав ушул Мыйзамга каршы келбеген башка жоболорду да камтышы мүмкүн. Эгерде уставдын жобосу ушул Мыйзамдын жоболоруна каршы келсе, анда Мыйзамдын жоболору колдонулат. Уюмдун уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор анын жогорку башкаруу органынын чечими боюнча киргизилет.
Берененин тексти 02.04.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/274/st-10" title="10-статья - Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>