Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Көк-Жар айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндөгү» Мыйзамынын 10-беренесинин талаптарын аткаруу жөнүндө» токтому
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Жар айылдык кеңешинин төртүнчү чакырылышынын кезектеги ( жыйырма биринчи ) XXI сессиясы
2011-жылдын 25-ноябры № 21-4 Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндөгү» Мыйзамынын 10-беренесинин талаптарын аткаруу жөнүндө Ноокат районунун прокурорунун 2011-жылдын 21-ноябрындагы №1 -613-11 талабында жана Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 23-ноябрындагы №1-10-884 эскертме-көрсөтмөсүндө көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндөгү» Мыйзамынын 10-беренесиндеги талаптарды аткаруу максатында Көк-Жар айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндөгү» Мыйзамынын «Тынчтык мезгилде материалдык-техникалык.азык-түлүк.мед, ;иналык, жеке жана жамааттык коргонуу каржаттарынын запастарын түзүү жана даярдыкта кармоо үчүн жергиликтүү бюджетте финансылоо маселеси каралуу керектиги жөнүндөгү» 10-беренесинин негизинде айылдык округдун өздүк бюджетинен 50 (элүү) миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Жогорудагы акча каражаты менен керектүү учурда камсыз кылуу жагы айылдык округдун ФЭбнүн башчысы Т. Исмановго милдеттендирилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Көк-Жар айылдык округунун алдында түзүлгөн «Жарандык коргонуу» боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнө тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы
К. Козуев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жарандык коргонуу жөнүндөЗакон · 20.01.2000 · № 31 · Күчүн жоготкон