# Көк-Жар айылдык кеңешинин 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 21-3 "Көк-Жар айылдык округунун 2012-жыл үчүн салык жана салык эмес төлөмдөрдүн коэфценттерин аныктоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Көк-Жар айылдык кеңешинин 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 21-3 "Көк-Жар айылдык округунун 2012-жыл үчүн салык жана салык эмес төлөмдөрдүн коэфценттерин аныктоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21-3
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/27332>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2584/edition/426240/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/27332.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Жар айылдык кеңешинин 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 21-3 "Көк-Жар айылдык округунун 2012-жыл үчүн салык жана салык эмес төлөмдөрдүн коэфценттерин аныктоо жөнүндө" токтому (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/27332

---

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Жар айылдык кеңешинин төртүнчү чакырылышынын кезектеги ( жыйырма биринчи ) XXI сессиясы

2011-жылдын 25-ноябры № 21-3 Көк-Жар айылдык округунун 2012-жыл үчүн салык жана салык эмес төлөмдөрдүн коэфценттерин аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 327, 339 жана Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөр жөнүндөгү мыйзамынын 12/1 12/2 беренелеринин негизинде Көк-Жар айылдык округунун 2012-жыл үчүн салык жана салык эмес төлөмдөрүнүн өлчөмдөрүн аныктоо максатында ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктунун негизинде айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын зоналдык коэфциенти 2012-жылга карата 1,2 болуп кабыл алынсын.

2. Таштандыларды ташуу жыйымы ар бир тамарка үчүн 2012-жылга карата 75 ( жетимиш беш) сомдон болуп белгиленсин.

3. КРнын салык кодексинин 327-беренесинин 8-пунктунун негизинде мүлк салыгынын зоналдык коэфциенти (К2) 1,0 болуп кабыл алынсын.

4. Ушул чечимдеги маселелерди КРнын мыйзамдарына негиз аткаруу жагы Көк-Жар айылдык округунун ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Т. Исмановго жана айылдык округдун ага салыкчысы К. Алимовага милдеттендирилсин.

5. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Султановго тапшырылсын.

6 Ушул чечимди бекитип берүү жагы депутаттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы

К. Козуев
