# Көк-Жар айылдык кеңешинин 2011-жылдын 22-апрелиндеги №19-1 "Көк-Жар айылдык округунун 2011-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Көк-Жар айылдык кеңешинин 2011-жылдын 22-апрелиндеги №19-1 "Көк-Жар айылдык округунун 2011-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19-1
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.04.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/27320>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2573/edition/425307/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/27320.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.04.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Жар айылдык кеңешинин 2011-жылдын 22-апрелиндеги №19-1 "Көк-Жар айылдык округунун 2011-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому (22.04.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/27320

---

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаттарынын төртүнчү чакырылышынын кезектеги XIX (он тогузунчу) сессиясы

2011-жылдын 22-апрели №19-1 Көк-Жар айылдык округунун 2011-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө Көк-Жар айылдык округунун ФЭБ нүн башчысы Т. Исмановдун 2011-жылга айылдык округдун бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 726-токтомунун негизинде Көк-Жар айылдык округунун аткаруучу-тескөөчү органынын төмөнкү 33 штаттык саны бекитилсин.(тиркеме тиркелет).

2. Көк-Жар айылдык округунун 2011-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча түзүлгөн бюджетинин долбоору (21079700 сом) бекитилсин. (тиркеме тиркелет).

3. Көк-Жар айылдык округунун 2010-жылдан жергиликтүү бюджеттин эсебинен калган 494500 (төрт жүз токсон терт миң беш жүз) сом кошумча сметасы бекитилсин .(тиркеме тиркелет).

4. Көк-Жар айылдык округунун 2012-2013-жылдарга карата бюджетинин божомолу бекитилсин.(тиркеме тиркелет).

5. Көк-Жар айылдык округунун 2011-жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн максаттуу аткарылышын камсыз кылуу айылдык округдун финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

6. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика бюджет жана соода боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кок-Жар айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары

А. Исраилов
