Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Көк-Жар айылдык кеңешинин «Көк-Жар айылдык округунун 2011-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө» токтому
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаттарынын төртүнчү чакырылышынын кезектеги XIX (он тогузунчу) сессиясы
2011-жылдын 22-апрели №19-1 Көк-Жар айылдык округунун 2011-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө Көк-Жар айылдык округунун ФЭБ нүн башчысы Т. Исмановдун 2011-жылга айылдык округдун бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 726-токтомунун негизинде Көк-Жар айылдык округунун аткаруучу-тескөөчү органынын төмөнкү 33 штаттык саны бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
2. Көк-Жар айылдык округунун 2011-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча түзүлгөн бюджетинин долбоору (21079700 сом) бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
3. Көк-Жар айылдык округунун 2010-жылдан жергиликтүү бюджеттин эсебинен калган 494500 (төрт жүз токсон терт миң беш жүз) сом кошумча сметасы бекитилсин .(тиркеме тиркелет).
4. Көк-Жар айылдык округунун 2012-2013-жылдарга карата бюджетинин божомолу бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
5. Көк-Жар айылдык округунун 2011-жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн максаттуу аткарылышын камсыз кылуу айылдык округдун финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
6. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика бюджет жана соода боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кок-Жар айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары
А. Исраилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтунун 2009-жылдын 4-декабрындагы №726 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү…Постановление · 04.12.2009 · № 726 · Күчүн жоготкон