# Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 18-декабрындагы № 74 "Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндөгү» мыйзамынын 12-1-беренесиндеги Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды алып чыгуу жыйымынын аталышын өзгөртүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 18-декабрындагы № 74 "Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндөгү» мыйзамынын 12-1-беренесиндеги Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды алып чыгуу жыйымынын аталышын өзгөртүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/27237>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2490/edition/604476/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 18-декабрындагы № 74 "Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндөгү» мыйзамынын 12-1-беренесиндеги Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды алып чыгуу жыйымынын аталышын өзгөртүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуу жөнүндө" токтому (18.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/27237

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын ош шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы (III чакырылыш)

2012-жылдын 18-декабры № 74 Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндөгү» мыйзамынын 12-1-беренесиндеги Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды алып чыгуу жыйымынын аталышын өзгөртүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуу жөнүндө Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын 2012-жылдын 27-ноябрындагы № 01-4/107-катын карап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 7-декабрындагы отурумунун токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндөгү» мыйзамынын 12-1-беренесиндеги Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды алып чыгуу жыйымынын аталышын «Аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жыйым» деп өзгөртүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кайрылуусу жөнөтүлсүн.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А. Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б. Матисаков).

3. Аталган токтом кол койгондон тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Эргешов) жүктөлсүн.

5. Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы

Т. Сабиров
