# Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2012–жылдын 20–апрелиндеги №1 "Отуз-Адыр айылдык округунун социалдык–экономикалык өнүгүү программасынын 2011-жылда аткарылышы жана 2012-жылга карата божомолу, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2010-жылдагы аткарылышын бекитүү жана 2012-жылга карата бюджети жөнүндө"

- Толук аталышы: Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2012–жылдын 20–апрелиндеги №1 "Отуз-Адыр айылдык округунун социалдык–экономикалык өнүгүү программасынын 2011-жылда аткарылышы жана 2012-жылга карата божомолу, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2010-жылдагы аткарылышын бекитүү жана 2012-жылга карата бюджети жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/27196>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2449/edition/378069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/27196.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2012–жылдын 20–апрелиндеги №1 "Отуз-Адыр айылдык округунун социалдык–экономикалык өнүгүү программасынын 2011-жылда аткарылышы жана 2012-жылга карата божомолу, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2010-жылдагы аткарылышын бекитүү жана 2012-жылга карата бюджети жөнүндө" (10.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/27196

---

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин (IV - шайланган) VIII – сессиясы

2012–жылдын 20–апрели №1 Отуз-Адыр айылдык округунун социалдык–экономикалык өнүгүү программасынын 2011-жылда аткарылышы жана 2012-жылга карата божомолу, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2010-жылдагы аткарылышын бекитүү жана 2012-жылга карата бюджети жөнүндө Отуз-Адыр айылдык округунун социалдык–экономикалык өнүгүү программасынын 2011-жылда аткарылышы жана 2012-жылга карата божомолу, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2010-жылдагы аткарылышын бекитүү жана 2012-жылга карата бюджети жөнүндөгү маселелерди талкуулап, «Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндө» мыйзамдардын негизинде, Отуз-Адыр айылдык округдук кеңешинин депутаттарынын, бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин, жалпы сессияга катышкан өкүлдөрдүн сунуштарын эске алуу менен Отуз-Адыр айылдык округдук кеңешинин (IV - шайланган) VIII – сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2010-жылдагы аткарылышы 23439,2 миң. сомго бекитилсин.

2. Отуз-Адыр айылдык округунун социалдык–экономикалык өнүгүү программасынын 2011-жылда аткарылышы жана 2012-жылга карата божомолу кѳңүлгѳ алынсын

3. 2012-жылга карата Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы ишканалар, мекеме–уюмдардан түшүүчү киреше менчик түрүнө карабастан жергиликтүү бюджетке төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин (тиркеме тиркелет).

А) Салык кирешесинин жалпы суммасы – 3227,3 миң. сом.

Б) Салык эмес кирешелер, аренда акы – 1211,0 миң. сом.

В) Категориялык грант – 37396,0 миң. сом.

Г) Теңдөөчү грант – 3376,0 миң сом.

Бюджеттик кирешелердин жыйынтыгы – 45210,3 миң. сом.

Д) атайын каражат/ балдар бакчасы – 530,0 миң. сом.

Бардыгы: - 45740,3 миң. сом. Бардык киреше 45740,3 миң. сом өлчөмүндө бекитилсин

4. Чыгашалар боюнча акча каражаты 45740,3 миң. сом өлчөмүндө бекитилсин.

анын ичинен:

А) Башкаруу аппараты,

Эмгек акы фонду – 2188,3 миң. сом. 33 штат бирдиги.

Б) Китепкана,

Эмгек акы фонду - 75,9 миң. сом. 1 штат бирдиги

В) Маданият үйү,

Эмгек акы фонду - 139,8 миң. сом 3 штат бирдиги.

Г) Атайын каражат - 530,0 миң. сом.

Чыгашаларды каржылоодо биринчи кезекте эмгек акы фонду, соц.фондко төлөөлөр жана башка коргоого алынган статьялар (дары–дармек, тамак–аш жеңилдиктери) каржылансын.

5. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2012–жылга аткарылышын ар квартал сайын жыйынтыктап, айылдык округдук кеңештин сессияларында, туруктуу комиссиянын кеңешмесинде угуп туруу айылдык кеңештин төрагасына милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.(Э. Ташматов )

Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин төрагасы

О. Айдаров
