# Алай райондук кеңешинин 2012-жылдын 23-октябрындагы №22/1 "Алай райондук кеңешинин 2012-жылдын 17-июлундагы №11 токтомун бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Алай райондук кеңешинин 2012-жылдын 23-октябрындагы №22/1 "Алай райондук кеңешинин 2012-жылдын 17-июлундагы №11 токтомун бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 22/1
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/27159>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2412/edition/604627/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/27159.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Алай райондук кеңешинин 2012-жылдын 23-октябрындагы №22/1 "Алай райондук кеңешинин 2012-жылдын 17-июлундагы №11 токтомун бекитүү жөнүндө" токтому (23.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/27159

---

АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Алай райондук кеңешинин II чакырылышынын XXII заседаниесинин

2012-жылдын 23-октябры №22/1 Алай райондук кеңешинин 2012-жылдын 17-июлундагы №11 токтомун бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак-жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү тартиби жөнүндөгү 2012-жылдын 4-майындагы №275 токтомун турмушка ашыруу максатында Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 29.06.2012-жылдагы № 94/1 токтому менен бекитилген комиссиянын курамын жана жобону карап анализдеп Алай райондук Кенеши токтом кылат ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына бөлүштүрүү боюнча райондук комиссиянын курамын жана жобону бекиткен Алай райондук Кенешинин 17.07.2012-жылдагы № 11 токтому бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-ноябрындагы № 295 “Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына биринчи кезекте турак жай берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен түзүлгөн Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына турак жай бөлүштүрүү боюнча райондук комиссия турак жай берүү жөнүндө түшкөн бардык документтерди жобого ылайык мыйзам чегинде кароо, Ош окуясында 2010-жылдын июнь айында жабырланган Алайлык атуулдарга кезексиз туракжай берүү жагын сунуштоо менен убара кылбай калыс кароо жагы комиссиянын курамына жана анын төрагасы М.П.Зикировко милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеңештин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.

Алай райондук кеӊешинин төрагасы

Н.М.Жеенбеков
