# Ош шаардык кеңешинин 2012 -жылдын 26 -апрелиндеги №15 "Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2010-жылдын 20-январындагы №145-«Ош шаарынын пенсионерлерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарын жана аз камсыз болгон жарандарын социалдык колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтом

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2012 -жылдын 26 -апрелиндеги №15 "Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2010-жылдын 20-январындагы №145-«Ош шаарынын пенсионерлерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарын жана аз камсыз болгон жарандарын социалдык колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 26.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/27115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2369/edition/544019/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/27115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2012 -жылдын 26 -апрелиндеги №15 "Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2010-жылдын 20-январындагы №145-«Ош шаарынын пенсионерлерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарын жана аз камсыз болгон жарандарын социалдык колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтом (26.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/27115

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы (үчүнчү чакырылыш)

2012-жылдын 26-апрели №15 Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2010-жылдын 20-январындагы №145-«Ош шаарынын пенсионерлерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарын жана аз камсыз болгон жарандарын социалдык колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Ош шаардык мэриясынын 2012-жылдын 5-апрелиндеги №115-08-депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2010-жылдын 20-январындагы №145 «Ош шаарынын пенсионерлерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарын жана аз камсыз болгон жарандарын социалдык колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 .Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2010-жылдын 20-январындагы №145 - «Ош шаарынын пенсионерлерин. ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарын жана аз камсыз болгон жарандарын социалдык колдоо жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 2.3. пунктундагы «Үч жылда бир жолу, пенсиясынын өлчөмү 3000 сомдон ашпаган» деген сөздөр «Эки жылда бир жолу, пенсиясынын өлчөмү 4000 сомдон ашпаган» деп өзгөртүлүп, андан ары текст боюнча окулсун;

- 3.4. пунктунун биринчи подпунктундагы «3000 сом» деген сөздөр «4000 сом» деп өзгөртүлсүн жана ушул эле пункттун экинчи подпунктундагы «4 эсептик көрсөткүч» деген сөздөр «5 эсептик көрсөткүч» деп өзгөртүлсүн;

- 3.5. пунктундагы «200 сом өлчөмүндөгү» деген сөздөр «400 сом өлчөмүндөгү» деп өзгөртүлсүн;

- 3.8. пунктундагы биринчи абзацы толукталып, «Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын жана катышуучуларынын жеке турак-жайларын капиталдык ремоиттоо үчүн 10.0 мин сом өлчөмүпдө акчалай төлөм жергиликтүү бюджеттин эсебинен. Ош шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыгы тарабынан дайындалат» деп окулсун.

Ош шаардык кеңешинин төрагасы

Т. Сабиров
