# Ош шаардык кеңешинин 2012 -жылдын 17-августундагы №24 "Мамлекеттик тил жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын Ош шаарында аткарылып жатышы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2012 -жылдын 17-августундагы №24 "Мамлекеттик тил жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын Ош шаарында аткарылып жатышы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.08.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/27051>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2310/edition/345218/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/27051.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2012 -жылдын 17-августундагы №24 "Мамлекеттик тил жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын Ош шаарында аткарылып жатышы жөнүндө" токтому (17.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/27051

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ош шаардык кезектеги IV сессиясы (III чакырылышы)

2012-жылдын 17-августу №24 Ош шаарында мекеме ишканалар тарабынан Кыргыз Республикасынын «Жарандардын каирылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы жөнүндө Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Мирзаматов Рысбек Мамыровичтин «Жарандардын каирылууларын кароо тартиби жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын Ош шаарынында жайгашкан мекеме ишканалар тарабынан аткарылып жатышы жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 7-августундагы №3-токтомун жана сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди, сунуштарды эске алып, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Мирзаматов Рысбек Мамыровичтин Ош шаарында мекеме ишканалар тарабынан Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.

2. Ош шаардык мэриясына (М.Мырзакматов) Ош шаарынын мэриясынын бөлүмдөрү жана шаарга караштуу мекеме ишканалар тарабынан Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамынын аткарылышын көзөмөлгө алуусун күчөтүү жагы тапшырылсын.

3. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымат каражаттарына (Б.Матисаков) жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Мирзаматов) жүктөлсүн.

Ош шаардык кеңешинин төрагасы

Т. Сабиров
