Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин 2012 -жылдын 17-августундагы №24 «Мамлекеттик тил жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын Ош шаарында аткарылып жатышы жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ош шаардык кезектеги IV сессиясы (III чакырылышы)
2012-жылдын 17-августу №24 Ош шаарында мекеме ишканалар тарабынан Кыргыз Республикасынын «Жарандардын каирылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы жөнүндө Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Мирзаматов Рысбек Мамыровичтин «Жарандардын каирылууларын кароо тартиби жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын Ош шаарынында жайгашкан мекеме ишканалар тарабынан аткарылып жатышы жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 7-августундагы №3-токтомун жана сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди, сунуштарды эске алып, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Мирзаматов Рысбек Мамыровичтин Ош шаарында мекеме ишканалар тарабынан Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаардык мэриясына (М.Мырзакматов) Ош шаарынын мэриясынын бөлүмдөрү жана шаарга караштуу мекеме ишканалар тарабынан Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамынын аткарылышын көзөмөлгө алуусун күчөтүү жагы тапшырылсын.
3. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымат каражаттарына (Б.Матисаков) жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Мирзаматов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы
Т. Сабиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөЗакон · 04.05.2007 · № 67