# Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 17-августундагы №21 " Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 233-"Ичүүчү сууга, кабыл алуу жана саркынды сууларды агызуудан алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерин өзгөртүү жөнүндөгү" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтом

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 17-августундагы №21 " Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 233-"Ичүүчү сууга, кабыл алуу жана саркынды сууларды агызуудан алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерин өзгөртүү жөнүндөгү" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/27048>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2307/edition/1281921/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/27048.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 17-августундагы №21 " Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 233-"Ичүүчү сууга, кабыл алуу жана саркынды сууларды агызуудан алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерин өзгөртүү жөнүндөгү" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтом (27.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/27048

---

Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 74 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ош шаардык кезектеги IV сессиясы (III чакырылышы)

2012-жылдын 17-августу №21

Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 233-"Ичүүчү сууга, кабыл алуу жана саркынды сууларды агызуудан алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерин өзгөртүү жөнүндөгү" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Ош шаардык суу чарба муниципалдык ишканасынын 2011-жылдын 14-ноябрындагы № 455 «Ичүүчү сууга, саркынды сууларды кабыл алуудан жана агызуудан алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлүмү менен макулдашылган катын карап жана талкуулап, өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 6-токтомунун негизинде жана депутаттарды сурамжылоо жолу менен ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 233-"Ичүүчү сууга, кабыл алуу жана саркынды сууларды агызуудан алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерин өзгөртүү жөнүндөгү" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип,1-пункттун 1-подпункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун;

- ичүүчү сууну берүү, калк үчүн - 1мЗ - 5 сом 31тн.

Ичүүчү сууга, кабыл алуу жана саркынды сууларды агызуу үчүн төлөмдөрдөрдү кабыл алуу 2012-жылдын 1-сентябрынан баштап жаны тариф боюнча жүргүзүлсүн.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А. Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык кеңешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Кокочоров) жүктөлсүн.

Ош шаардык кеңешинин төрагасы

Т. Сабиров
