# Ленин айылдык кенешинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги №25/6 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 181 токтомун Ленин айылдык округунда ишке ашыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ленин айылдык кенешинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги №25/6 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 181 токтомун Ленин айылдык округунда ишке ашыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 25/6
- Кабыл алынган күнү: 09.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/27034>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2293/edition/339251/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/27034.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ленин айылдык кенешинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги №25/6 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 181 токтомун Ленин айылдык округунда ишке ашыруу жөнүндө" токтому (09.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/27034

---

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

Ленин айылдык округунун кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХV заседаниеси

2012-жылдын 9-апрели№25/6 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 181 токтомун Ленин айылдык округунда ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 181 токтомун угуп жана талкуулап Ленин айылдык округунун заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы №181 токтому жетекчиликке алынсын жана аткарылышы камсыздалсын.

2. Ленин айылдык округунун улуу салык инспектору И.Алимбаевге улуу салык инспектору кызматы кыскарып кеткендиктен башкы адис (юрист) кызматына дайындоо,ошону менен бирге юристтин айыл округунда иш алып баруу көлөмү женил болгондугуна байланыштуу улуу салык инспекторунун ишин кошо жүктөө, мындан сырткары аскердик эсепке алуу боюнча инспектор (ВУС) жетектөөчү адистик кызматына 0,5 штаттык бирдикте кабыл алуу менен статист-экономист (адис ) штаты кыскаргандыгына байланыштуу статист-экономистин ишин кошо жүктөө жагынан уруксат берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл округ башчысы А.Салиевке тапшырылсын.

Ленин айылдык кеңешинин төрагасы

Н.Матанов
