Ленин айылдык кенешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 181 токтомун Ленин айылдык округунда ишке ашыруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Ленин айылдык округунун кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХV заседаниеси
2012-жылдын 9-апрели№25/6 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 181 токтомун Ленин айылдык округунда ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 181 токтомун угуп жана талкуулап Ленин айылдык округунун заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы №181 токтому жетекчиликке алынсын жана аткарылышы камсыздалсын.
2. Ленин айылдык округунун улуу салык инспектору И.Алимбаевге улуу салык инспектору кызматы кыскарып кеткендиктен башкы адис (юрист) кызматына дайындоо,ошону менен бирге юристтин айыл округунда иш алып баруу көлөмү женил болгондугуна байланыштуу улуу салык инспекторунун ишин кошо жүктөө, мындан сырткары аскердик эсепке алуу боюнча инспектор (ВУС) жетектөөчү адистик кызматына 0,5 штаттык бирдикте кабыл алуу менен статист-экономист (адис ) штаты кыскаргандыгына байланыштуу статист-экономистин ишин кошо жүктөө жагынан уруксат берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл округ башчысы А.Салиевке тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы
Н.Матанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 181 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча…Постановление · 16.03.2012 · № 181 · Күчүн жоготкон