# Жумгал айылдык кеңешинин 2014-жылдын 29-апрелиндеги № 13 "«Миӊ-Куш» айылындагы көчүрүлүүгө муктаж үй-бүлөөлөргө жаӊы конуштардан жер тилкелерин турак- жай курууга трансформация кылууга сунуштоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жумгал айылдык кеңешинин 2014-жылдын 29-апрелиндеги № 13 "«Миӊ-Куш» айылындагы көчүрүлүүгө муктаж үй-бүлөөлөргө жаӊы конуштардан жер тилкелерин турак- жай курууга трансформация кылууга сунуштоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/270278>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-33701/edition/661393/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жумгал айылдык кеңешинин 2014-жылдын 29-апрелиндеги № 13 "«Миӊ-Куш» айылындагы көчүрүлүүгө муктаж үй-бүлөөлөргө жаӊы конуштардан жер тилкелерин турак- жай курууга трансформация кылууга сунуштоо жөнүндө" токтому (26.06.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/270278

---

ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 29-апрели № 13 «Миӊ-Куш» айылындагы көчүрүлүүгө муктаж үй-бүлөөлөргө жаӊы конуштардан жер тилкелерин турак- жай курууга трансформация кылууга сунуштоо жөнүндө «Мин-Куш» айылындагы көчүрүлүүгө муктаж үй-бүлөөлөрдү коопсуз аймакка көчүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 358-р тескемесин жана Кыргыз Республикасынын Вице-Премьер –Министринин 10-февраль 2014-жылдагы № 18-22 сандуу протоколдук тапшырмасынын талаптарын аткаруу максатында айылдын аймагына Мин-Куш айылынын элин жайгаштырууга аныкталган жер тилкелерин «Жаӊы-Конуш», »Келечек» участкаларын трансформациялоого сунуштоо жөнүндө Мин-Куш айылынын көчүрүлүүгө муктаж 11(он бир) үй-бүлөөгө аныкталган «Жаӊы-Конуш», "Келечек» участкаларындагы жер тилкелерин турак- жай курууга трансформация кылууга сунуштоо боюнча айылдык депутаттардын сунуштарын угуп жана эске алып, Жумгал айылдык Кеӊеши токтом кылат:

1. Мин –Куш айылынын көчүрүлүүгө муктаж калкын 11(он бир) үй-бүлө аныкталган «Жаӊы-Конуш» жана »Келечек» конуштарындагы жер тилкелери турак- жай курууга трансформация кылууга сунушталсын.

2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб сайтына жарыялансын, жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагын Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Болоталиевге милдеттендирилсин .

Жумгал айылдык Кеӊешинин төрагасы

С. Санташов
