# Кара-Суу шаардык кеңешинин 2012-жылдын 30-марты №21/5 "Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин 2012-жылдын 13-февралындагы №20/8 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Суу шаардык кеңешинин 2012-жылдын 30-марты №21/5 "Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин 2012-жылдын 13-февралындагы №20/8 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21/5
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/27004>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2264/edition/338744/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/27004.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Суу шаардык кеңешинин 2012-жылдын 30-марты №21/5 "Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин 2012-жылдын 13-февралындагы №20/8 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (30.03.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/27004

---

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ депутаттардын кара-суу шаардык кеңешинин (IV чакырылышынын) кезексиз XXI сессиясынын заседаниесинин

2012-жылдын 30-марты №21/5 Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин 2012-жылдын 13-февралындагы №20/8 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, укук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын 2012-жыл 29-февралындагы протоколунун жана Кара-Суу шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 29-февралындагы №52 катынын негизинде Депутаттардын Кара-Суушаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 13-февралындагы №20/8 токтомунун 1-пунктуна төмөндөкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: Кара-Суу шаарынын мэриясына Кара-Суу шаарынын аймагындагы муниципалдык жерлер инвентаризация кылынып бүткөрүлгөнгө чейин, жаны аныкталып сатыла турган муниципалдык жерлерге аукцион өткөрүүнү, түз сатууну жана ижарага берүүнү эки айлык мөөнөткө (2012-жылдын 1-февралынан 2012-жылдын 1-апрелине чейин) токтотуп туруу милдеттендирилсин.

2. Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 13-февралындагы №20/8 токтомунун 2,3-пунктары өзгөртүлүүсүз калтырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, укук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы

Т.Ю.Алиев
