# 9-статья. Мамлекеттик маалыматтык ресурстар

- Документ: [Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/270)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 8-октябрындагы № 107 "Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 08.10.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.07.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 июля 2017 года № 127 "Об электронном управлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-256/edition/818061/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/270/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө, 9-статья (19.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-9

---

1. Мамлекеттик маалыматтык ресурстар - Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин карaжатынын эсебинен түзүлөт жана мамлекеттик бийлик органдарынын, башкаруунун аймактык жана тармактык органдарынын иштешин камсыз кылат.

2. Мамлекеттик маалыматтык ресурстар мамлекеттик мүлктүн курамына киргизилет жана эсепке алынууга жана корголууга тийиш.

3. Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды жүргүзүү мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын калыптанышы, сакталышы, топтолушу жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн жооптуу уюмдар жана коомдук бирикмелер тарабынан алардын компетенциясына ылайык жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды калыптандыруу жана пайдалануучуларга берүү боюнча иштерди уюштуруу мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына жүктөлөт.

4. Бардык юридикалык жана жеке жактар мамлекеттик маалыматтык ресурстарды калыптандырууга жооптуу уюмдарга мамлекеттик бийлик жана башкаруу органы тарабынан аныкталган документтештирилген маалыматты берүүгө милдеттүү. Мамлекеттик маалыматтык ресурстарга киргизүү үчүн документтештирилген маалыматты берүүчү субъекттер өздөрүнүн ал документтерге жана анда камтылган маалыматты пайдаланууга болгон укуктарын жоготпойт. Милдеттүү тартипте берилүүчү документтештирилген маалыматтын жана мамлекеттик маалыматтык ресурстарды жыйноо жана иштетүү үчүн жооптуу органдар менен уюмдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-10)
