8-статья. Маалыматтык ресурстарга менчик жана автордук укук
Күчүн жоготкон · 19.07.2017 редакциясы · 2-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 июля 2017 года № 127.
8-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 8-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Маалыматтык ресурстар мүлктүн курамдык элементи катары чыгат жана мамлекеттик бийлик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, ишканалардын менчигинде жана жарандардын жеке менчигинде болот.
2. Маалыматтык ресурстардын менчик ээси аларды анын каражаттарынын эсебинен мыйзамдуу негиздерде түзүлгөн же сатылып алынган субъект (юридикалык же жеке жак) болуп саналат. Маалыматтык ресурстар жалпы (үлүштүк же биргелешкен) менчик укугунда бир эле мезгидде бир нече менчик ээсине тиешелүү болушу мүмкүн.
3. Маалыматтык ресурстарга менчик укугунун пайда болушунун негиздери:
- маалыматтык ресурстарды өз күчтөрү жана өз эсебинен түзүү;
- маалыматтык ресурстарды түзүүгө келишим;
- маалыматтык ресурстардын башка субъекттин менчигине өтүүсүнүн шарттары камтылган сатып алуу - сатуу, жөнөтүү келишими болуп саналат.
4. Маалыматтык ресурстардын менчик ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган менчик ээсинин бардык укуктарынан пайдаланат, анын ичинде:
- маалыматтык ресурстардын чарбасын жүргүзүүнү, башкарууну же тескөөнү жүзөгө ашыруучу адамды дайындоого;
- маалыматтык ресурстарды иштетүүнүн, коргоонун жана пайдалануунун эрежелерин белгилөөгө укуктуу.
5. Маалыматтык ресурстар мамлекеттик жана мамлекеттик эмес болушу мүмкүн. Мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга юридикалык жана жеке жактар тарабынан милдеттүү тартипте берилген документтештирилген маалымат мамлекеттин жана ушул субъекттин ээлигинде биргелешип пайдаланууда болгон маалыматтык ресурстарды калыптандырат.
6. Алар мамлекеттик же коммерциялык жашыруун сырды түзгөн учурду албаганда, маалыматтык ресурстар товар болушу мүмкүн.
Мамлекеттик жашыруун сырга таандык кылынган маалыматтарды камтыган маалыматтык ресурстардын менчик ээси ал менчигин тиешелүү мамлекеттик бийлик органынын макулдугу менен гана тескөөгө укуктуу.
Берененин тексти 19.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/270/st-8" title="8-статья - Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>