# 7-статья. Маалыматты документтештирүү жана маалыматтык ресурстарды калыптандыруу

- Документ: [Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/270)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 8-октябрындагы № 107 "Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 08.10.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.07.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 июля 2017 года № 127 "Об электронном управлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-256/edition/818061/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/270/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө, 7-статья (19.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-7

---

1. Маалыматты документтештирүү маалыматтык ресурстарга маалыматты киргизүүнүн милдеттүү шарты болуп саналат.

2. Документ ага юридикалык же жеке жак кол койгондон кийин юридикалык күчкө ээ болот. Автоматташтырылган жана телекоммуникацияланган тутумдардын жардамы менен сакталуучу, иштетилүүчү жана берилүүчү документтин юридикалык күчү электрондук цифралык кол коюу менен ырасталышы мүмкүн.

3. Кыргыз Республикасында түзүлүүчү маалыматтык ресурстар дүйнөлүк стандарттардын жана унификациялардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

4. Маалыматтык ресурстарды калыптандыруу ушул Мыйзамдын 9-статьясына ылайык мамлекеттик органдар, ошондой эле маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууда өндүрүштүк-коммерциялык иштин алкагында келишимдик негизде юридикалык же жеке жактар тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-8)
