# 29-статья. Маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана дем берүү

- Документ: [Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/270)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 8-октябрындагы № 107 "Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 08.10.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.07.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 июля 2017 года № 127 "Об электронном управлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 июля 2011 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об информатизации""](https://aqlex.ai/kg/doc/203322)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/270#diff=818063..818064>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-256/edition/818061/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/270/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө, 29-статья (19.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-29

---

1. Кыргыз Республикасында мамлекет тарабынан маалыматтык тутумдарды, каражаттарды жана технологияларды иштеп чыгуу жана өндүрүү жаатында илим-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүү үчүн шарттар түзүлөт.

2. Илимий-техникалык жана өнөр жайлык саясатка ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маалыматташтырууну өнүктүрүүнүн артыкчылык берилүүчү багыттарын аныктайт жана аларды каржылоонун тартибин белгилейт.

3. Кыргыз Республикасындагы маалыматташтыруунун артыкчылык берилүүчү багыттарына ылайык мамлекеттик башкаруу органдары маалыматтык тутумдарды, технологияларды жана аларды камсыз кылуунун иштеп чыгуучуларына жана өндүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтөт, маалыматтык продукциялардын теңтайлашуу жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашына көмөктөшөт, келечектүү илимий изилдөөлөрдүн өнүгүшүнө дем берет. Принциптүү жаңы чечимдердин патенттелишин жана компьютердик маалыматтык технологиялардын өздөштүрүлүшүн камсыз кылат. Мыйзам тарабынан белгиленген учурларда мамлекеттик органдар маалыматтык технологиялардын, продукциялардын жана кызматтардын айрым түрлөрүн экспорттоого жана импорттоого, алардын ички рынокто сатып өткөрүлүшүнө чек коюуга.

(КР 2011-жылдын 7-июлундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/270/st-30)
