29-статья. Маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана дем берүү
Күчүн жоготкон · 19.07.2017 редакциясы · 5-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 июля 2017 года № 127.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 июля 2011 года № 79
1. Кыргыз Республикасында мамлекет тарабынан маалыматтык тутумдарды, каражаттарды жана технологияларды иштеп чыгуу жана өндүрүү жаатында илим-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүү үчүн шарттар түзүлөт.
2. Илимий-техникалык жана өнөр жайлык саясатка ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маалыматташтырууну өнүктүрүүнүн артыкчылык берилүүчү багыттарын аныктайт жана аларды каржылоонун тартибин белгилейт.
3. Кыргыз Республикасындагы маалыматташтыруунун артыкчылык берилүүчү багыттарына ылайык мамлекеттик башкаруу органдары маалыматтык тутумдарды, технологияларды жана аларды камсыз кылуунун иштеп чыгуучуларына жана өндүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтөт, маалыматтык продукциялардын теңтайлашуу жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашына көмөктөшөт, келечектүү илимий изилдөөлөрдүн өнүгүшүнө дем берет. Принциптүү жаңы чечимдердин патенттелишин жана компьютердик маалыматтык технологиялардын өздөштүрүлүшүн камсыз кылат. Мыйзам тарабынан белгиленген учурларда мамлекеттик органдар маалыматтык технологиялардын, продукциялардын жана кызматтардын айрым түрлөрүн экспорттоого жана импорттоого, алардын ички рынокто сатып өткөрүлүшүнө чек коюуга.
(КР 2011-жылдын 7-июлундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 19.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/270/st-29" title="29-статья - Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>